Кыскача мазмуну № 18/1       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Куруу жана жерди пайдалануу боюнча”, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча” комиссия курамдарын бекитүү жөнүндө № 18/2       А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Көн айылындагы А.Орозбеков атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен эшик терезелерин алмаштырууга сунушталган долбоорго 2024-жылдын бюджетинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө № 18/3       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-январындагы №03-24/21 сандуу катын кароо жөнүндө № 18/4       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жана 2025-2026- жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө № 18/5       Алыш айылындагы жаңы конушка Пакиров Сайдахматтын атын коюуга макулдук берүү жөнүндө № 18/6       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылыныдагы скважинага кошумча суу топтоочу жайды кеңейтүүгө сунушталган долбоорго 2024-жылдын бюджетинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Электрондук тибин көчүрүп алуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 18/1

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Куруу жана жерди пайдалануу боюнча”, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча” комиссия курамдарын бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап  А.Масалиев айылдык кенештин сессиясынын чечимине негиз 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөт аймагында куруу жана жерди пайдалануу боюнча комиссиянын төмөнкү курамы бекитилсин.
  2. М.Хакимов –айыл өкмөт башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
  3. А.Юнусалиев – айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси;
  4. Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү;
  5. Кадамжай райондук мамлекеттик”Кадастр” мекемесинин өкүлү;
  6. А.Миталипов – “Кара-Дөбө “СПАсынын кызматкери;
  7. Т.Каимов – айылдык кеңештин депутаты (макулдугу менен);
  8. Ж.Арзиев – айылдык кеңештин депутаты (макулдугу менен).

 

  1. Айыл өкмөтүндө айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын төмөнкү курамы бекитилсин.
  2. Т.Каимов – айылдык кеңештин айыл чарба боюнча комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы (макулдугу менен)
  3. А.Бакиров – айыл өкмөт башчысы;
  4. К.Сатарова – жооптуу катчы;
  5. А.Юнусалиев – жер адис;
  6. Ж.Арзиев – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
  7. М.Мадисаева – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
  8. К.Абдурахманов – айыл башчы;
  9. П.Умаралиева – аялдар кеңешинин мүчөсү;
  10. Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү.

 

 

 

 

Төрага                                                                                  Т.Галботоев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 18/2

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Көн айылындагы А.Орозбеков атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен эшик терезелерин алмаштырууга сунушталган долбоорго 2024-жылдын бюджетинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Галдыбаеванын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Көн айылындагы А.Орозбеков атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен эшик терезелерин алмаштырууга сунушталган долбоорго 2024-жылдын бюджетинен 666 168 (алты жүз алтымыш алты миң бир жүз алтымыш сегиз) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

         

Төрага                                                                                              Т.Галботоев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 18/3

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-январындагы №03-24/21 сандуу катын кароо жөнүндө

2021-жылдын 27-октябры № 4962-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана суу пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомуна негиз Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткандын протоколдук тапшырмасы жана айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясынын чечимине негиз

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүндөгү “Кара-Дөбө” суу пайдалануучулар ассоциациясы, жайыт комитети, Исфайрам таза суу муниципалдык иш канасы менен бириктирилип,А.Масалиев айыл өкмөтүнүн астындагы муниципалдык иш кана болуп түзүлүүгө макулдук берилсин.
  2. Жогоруда аталган иш каналардын инвентаризациясы жүргүзүлүп, жаңы түзүлө турган муниципалдык ишканага өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго жүктөлсүн.

 

                                                                   

 

 

 

Төрага                                                                                  Т.Галботоев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 18/4

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жана 2025-2026- жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө

А.Масалиев айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы – А.Мадумаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясынын чечимине негиз

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджети киреше булагы 32415,8 миң сомго жана чыгаша булагы 32415,8 миң сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2025-жыл үчүн негизги киреше булагы болжолу менен 34730,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 34730,6 миң сомго №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
  3. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жыл үчүн негизги киреше булагы болжолу менен 36687,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 36687,6 миң сомго №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
  4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна, коммуналдык чыгымдарга, тамак-аш, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул) жүргүзүлсүн.
  5. Бекитилген каражаттар казыналыкты айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.
  6. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджети 2024-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

                Төрага                                                                                              Т.Галботоев

 

          А. Масалиев айылдык  
          кенешинин 2024 жылдын 
          18-январь токтомуна   
          № 1 тиркеме    
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2024 - жылга кирешелери
                 
Классификация Кирешенин  аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти толоочу киреше салыгы 11700,0
11122100  патент негизиндеги салык 538,2
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу учун пайдаланылуучу кыймылсыз мулкко салык 66,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1141,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу учун жер салыгы 420,2
11321200 Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 0,0
11321300 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 260,5
11412100 Сатуудан алынуучу салык  
11462320 Курулуш куму 51,8
11462390 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал 127,7
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун  605,3
14152200 Жайыттардын ижарасы учун акы 320,2
14152600 Жерлерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акысы 4402,7
14152100 Калктуу конуштардын жер ижарасы учун акы 123,1
14153200 Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага беруу. 57,0
14224200 Таштандыларды ташып чыгаруу учун акы 153,0
14232400 Билим беруу жана маданий кызматтарды корсотуу   
13321100 Тендештируучу гранттар 12417,6
  Жалпы: 32415,8
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2024- жылдын чыгашалары
                 
Экономикалык классиф Чыгашанын  аталышы Суммасы
1 Аппарат 17282,6
2 Жайыт комитети 224
3 ТЖМ 14909,2
Жалпы: 32415,8
                 
                 
ФЭБ башчы:         А. Мадумаров  
                 
                 
                 
          А. Масалиев айылдык  
          кенешинин 2024- жылдын 
          18-январь токтомуна   
          № 2 тиркеме    
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2025- жылга кирешелери
                 
Классификация Кирешенин  аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти толоочу киреше салыгы 13046,0
11122100 патент негизиндеги салык 538,2
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу учун пайдаланылуучу кыймылсыз мулкко салык 66,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1141,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу учун жер салыгы 420,2
11321200 Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 968,8
11321300 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 260,5
11412100 Сатуудан алынуучу салык  
11462320 Курулуш куму 51,8
11462390 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал 127,7
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун  605,3
14152200 Жайыттардын ижарасы учун акы 320,2
14152600 Жерлерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акысы 4402,7
14152100 Калктуу конуштардын жер ижарасы учун акы 123,1
14153200 Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага беруу. 57,0
14224200 Таштандыларды ташып чыгаруу учун акы 153,0
13321100 Тендештируучу гранттар 12417,6
  Жалпы: 34730,6
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2025- жылдын чыгашалары
                 
кт№ Чыгашанын  аталышы Суммасы
1 Аппарат 18842,1
2 Жайыт комитети 224
3 ТЖМ 15664,5
Жалпы: 34730,6
                 
                 
ФЭБ башчы:         А. Мадумаров  
                 
                 
                 
                 
          А. Масалиев айылдык  
          кенешинин 2024- жылдын 
          18-январь токтомуна   
          № 3 тиркеме    
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2026 - жылга кирешелери
                 
Классификация Кирешенин  аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти толоочу киреше салыгы 15003,0
11122100  патент негизиндеги салык 538,2
11122200 Ыктыярдуу патент негизиндеги салык  
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу учун пайдаланылуучу кыймылсыз мулкко салык 66,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1141,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу учун жер салыгы 420,2
11321200 Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 968,8
11321300 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 260,5
11462320 Курулуш куму 51,8
11462390 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал 127,7
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун  605,3
14152200 Жайыттардын ижарасы учун акы 320,2
14152600 Жерлерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акысы 4402,7
14152100 Калктуу конуштардын жер ижарасы учун акы 123,1
14153200 Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага беруу. 57,0
14224200 Таштандыларды ташып чыгаруу учун акы 153,0
14232400 Билим беруу жана маданий кызматтарды корсотуу   
13321100 Тендештируучу гранттар 12417,6
  Жалпы: 36687,6
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2026- жылдын чыгашалары
                 
кт № Чыгашанын  аталышы Суммасы
1 Аппарат 19941,1
2 Жайыт комитети 224
3 ТЖМ 16522,5
Жалпы: 36687,6
                 
                 
ФЭБ башчы:         А. Мадумаров  
                 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 18/5

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/24-ж.

Алыш айылындагы жаңы конушка Пакиров Сайдахматтын атын коюуга макулдук берүү жөнүндө

Алыш айылынын тургундарынын чогулушунун чечимин угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу “КР Өкмөтүнүн алдындагы админстрациялык-аймактык түзүлүштүн маанилерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволар аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясынын чечимине негиз

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. Алыш айылынын жаны конушундагы көчөгө Пакиров Сайдахматтын атын коюуга макулдук берилсин.

 

  1. Алыш айылындагы Пакиров Сайдахмат аты менен аталган көчөнүн оңдөп-түзөө, көрктөндүрүү иштери Пакиров Сайдахматтын жакындарына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                           Т.Галботоев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 18/6

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылыныдагы скважинага кошумча суу топтоочу жайды кеңейтүүгө сунушталган долбоорго 2024-жылдын бюджетинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Галдыбаеванын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылыныдагы скважинага кошумча суу топтоочу жайды кеңейтүүгө сунушталган долбоорго 2024-жылдын бюджетинен 595 557 (беш жүз токсон беш миң беш жүз элүү жети) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

         

Төрага                                                                                              Т.Галботоев