Электрондук тибин көчүрүп алуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ №1

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

21/01/25-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө

А.Масалиев айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет боюнча туруктуу комиссияда каралып, талкуулангандыгын эске алып, башкы эсепчи – М.Исажановдун жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ф.Тургунбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджети киреше булагы 32453000 миң сомго жана чыгаша булагы 32453000 миң сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жыл үчүн негизги киреше булагы болжолу менен 32953000 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 32953000 миң сомго №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
  3. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2027-жыл үчүн негизги киреше булагы болжолу менен 33053000 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 33053000 миң сомго №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
  4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна, коммуналдык чыгымдарга, тамак-аш, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул) жүргүзүлсүн.
  5. Бекитилген каражаттар казыналыкты айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.
  6. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджети 2025-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                        Т.Галботоев

                                                                                               

                 
          А. Масалиев айылдык  
          кенешинин 2025 жылдын 
          21-январь №10 токтомуна  
          № 1 тиркеме    
                 
А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2025- жылга кирешелери
                 
Классификация Кирешенин  аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти төлөөчү киреше салыгы 21021,4
11122200  патент негизиндеги салык 438,2
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлккө салык 99,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1441,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу учун жер салыгы 1592,1
11321200 Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 1068,8
11321300 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 536,8
11462320 Курулуш куму  
11462390 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал 338,6
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун  605,3
14152200 Жайыттардын ижарасы үчүн акы 320,2
14152600 Жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы 4402,7
14152100 Калктуу конуштардын жер ижарасы үчүн акы 123,1
14153200 Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү. 98,0
14224200 Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акы 226,3
141511400 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө 110,0
     
  Жалпы: 32453,0
                 
А. Масалиев айыл өкмөтүн 2025- жылдын чыгашалары
                 
Экономикалык классиф Чыгашанын  аталышы Суммасы
1 Аппарат 16 674,5
2 Жайыт комитети 294
3 ТЖМ 15484,5
Жалпы: 32453,0
                 
                 
Башкы эсепчи:         М.Исажанов   
                 
                 
                 
                 
                 
          А. Масалиев айылдык  
          Кеңешинин 2025- жылдын 
          21-январь №10 токтомуна 
          № 2 тиркеме    
                 
А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026- жылга кирешелери
                 
Классификация Кирешенин  аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти төлөөчү киреше салыгы 21021,4
11122100  патент негизиндеги салык 438,2
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлккө салык 99,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1441,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу учун жер салыгы 1592,1
11321200 Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 1068,8
11321300 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 536,8
11462390 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал 338,6
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун  605,3
14152200 Жайыттардын ижарасы үчүн акы 320,2
14152600 Жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы 4902,7
14152100 Калктуу конуштардын жер ижарасы үчүн акы 123,1
14153200 Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү. 98,0
14224200 Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акы 226,3
141511400 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө 110,0
  Жалпы: 32953,0
                 
Экономикалык классиф Чыгашанын  аталышы Суммасы
1 Аппарат 16 850,0
2 Жайыт комитети 294
3 ТЖМ 15809,0
Жалпы: 32953,0
                 
                 
Башкы эсепчи:         М. Исажанов  
                 
          А. Масалиев айылдык  
          Кеңешинин 2025- жылдын 
          21-январь №10 токтомуна 
          № 3 тиркеме    
                 
А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2027 - жылга кирешелери
                 
Классификация Кирешенин  аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти төлөөчү киреше салыгы 21021,4
11122100  патент негизиндеги салык 438,2
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлккө салык 99,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1441,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу үчүн жер салыгы 1592,1
11321200 Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 1068,8
11321300 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 536,8
11462390 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал 338,6
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун  605,3
14152200 Жайыттардын ижарасы учүн акы 320,2
14152600 Жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы 5002,7
14152100 Калктуу конуштардын жер ижарасы үчүн акы 123,1
14153200 Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү. 98,0
14224200 Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акы 226,3
141511400 Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө 110,0
     
  Жалпы: 33053,0
                 
А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2027- жылдын чыгашалары
                 
Экономикалык классиф Чыгашанын  аталышы Суммасы
1 Аппарат 17 000,0
2 Жайыт комитети 294
3 ТЖМ 15759,0
4 Китепкана 33053,0
                 
                 
Башкы эсепчи:         М. Исажанов  
                 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ №2

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

21/01/25-ж.

А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын таза суу, тазалык тармагы боюнча штаттык бирдиктерин бекитип берүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын директору И.Бекботоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулп, А.Масалиев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. . А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам “ муниципалдык ишканасынын таза суу боюнча штаттык бирдиги   №1 тиркемеге ылайык бекитилсин
  2. А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам “ муниципалдык ишканасынын тазалык тармагы боюнча  штаттык бирдиги   №2 тиркемеге ылайык бекитилсин
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Масалиев айылдык  кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                        Т.Галботоев

 

  "КЕЛИШИЛДИ"           "БЕКИТЕМИН"    
А. Масалиев айылдык Кенеши         А. Масалиев айыл Өкмөтү    
Төрага:  Т. Галботоев         Башчы:   А. Бакиров    
___________________________         ___________________________  
                     
"_____"_______________20____г.         "_____"_______________20____г.  
                     
Исфайрам Тазасуу муниципалдык ишканасынын  штаттык бирдиги    
2025-жыл үчүн    
                     
     
Аталышы Ишчилердин категориясы саны Бекитилген оклад Айлык фонду Жыл үчүн Соц фонд Баары    
п/п    
1 Директор Жетекчи 1 18000 18000 216000 37260 253260    
2 Главный  инжинер башкы адис 1 14000 14000 168000 28980 196980    
3 Бухгалтер бухгалтер 1 17000 17000 204000 35190 239190    
4 Машинист насосных станция адис 1 8000 8000 96000 16560 112560    
5 Оператор хлораторной устоновки  адис 1 8000 8000 96000 16560 112560    
6 Контролер адис 1 8000 8000 96000 16560 112560    
7 Оператор адис 1 13000 13000 156000 26910 182910    
8 Сантехник адис 3 8000 24000 288000 49680 337680    
  Баардыгы   10 94000 110000 1320000 227700 1547700    
                     
                     
  Директор МП:     И. Бекботоев          
                     
                     
                     
                     
  "КЕЛИШИЛДИ"           "БЕКИТЕМИН"  
А. Масалиев айылдык Кенеши         А. Масалиев айыл Өкмөтү  
Төрага:  Т. Галботоев         Башчы:   А. Бакиров    
___________________________         ___________________________  
                   
"_____"_______________20____г.       "_____"_______________20____г.
                   
  Исфайрам Тазалык муниципалдык ишканасынын  штаттык бирдиги
  2025-жыл үчүн
Аталышы саны Бекитилген оклад айлык фонду иш айы бир жылга      
1 Дворник 1 10000 10000 12 120000      
2 Дворник 1 10000 10000 12 120000      
3 Дворник 1 10000 10000 12 120000      
4 Дворник 1 10000 10000 12 120000      
5 Шофёр  2 12000 24000 12 144000      
6 оператор 1 10000 10000 12 120000      
7 Охраник полигон 1 10000 10000 12 120000      
  Итого: 8 72000 84000   864000      
                   
                   
                   
  Директор МП:     И. Бекботоев          

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ №3

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

21/01/25-ж.

2025-2027-жылдарга карата А.Масалиев айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2025-2027-жылдарга карата А.Масалиев айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасыкошумча алымчасы менен  тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы А.Масалиев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бакировго тапшырылсын.
  3. Токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Масалиев айылдык  кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                        Т.Галботоев

 

А.Масалиев айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча 2025-2027-жылдарга иш-аракеттер Планы

 

Иш чаранын сүрɵттɵлүшү

Жооптуу жана катышуучулар

Ишке ашыруу мɵɵнɵттɵрү

Баасы

(миң сом)

Каржылоо булактары/ ресурстар

Мониторинг белгилери (I жарым жылдык )

Мониторинг белгилери (II жарым жылдык )

1. Калк

 

1.1

Калктын  финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана бизнес-план түзүү боюнча окутууга көмөктөшүү,  жеке ишкердикти өздөштүрүүгө көмөктөшүү

Жеке ишкерлер, айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

100,0

Жеке ишкерлер , эл аралык уюмдар

50 жашка чейинки 44 аял билим деңгээлин жогорулатат

50 жашка чейинки 44 аял билим деңгээлин жогорулатат

1.2

Бир кесиптен экинчи кесипке үйрөтүү, туура кесипти тандоого көмөктөшүү, окууларды уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

200,0

Эл аралык уюмдар

Айыл өкмөтү

50 жашка чейинки 50 аял билим деңгээлин жогорулатат

50 жашка чейинки 50 аял билим деңгээлин жогорулатат

1.3

Иштин ар кандай түрүндөгү ишкердик ишти уюштуруу боюнча тажрыйба алмашууну уюштуруу жана өткөрүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027 -жылдар

70,0

Эл аралык уюмдар

30 жаш адам, анын ичинен 10 аял билим деңгээлин жогорулатат

30 жаш адам, анын ичинен 10 аял билим деңгээлин жогорулатат

1.4

Чакан ишкана ачууга көмөк көрсөтүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

0

Эл аралык уюмдар

Райондук, облустук фонддор.

2 ишкана ачылат

 

16 иш оруну түзүлɵт, анын ичинен 40% аялдар жана жаштар

1.5

Айылдардын арасында (Карылар, жаштар, аялдар) маданий жана тарбиялык, спорттук иш-чараларды уюштуруу, жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-

жылдар

150,0

Эл аралык уюмдар,

Жеке ишкерлер,

Жергиликтүү бюджет

Калк арасында маданий жана спорттук иш чараларга кызыгууну арттыруу

 

1.6

Калктын маалымдуулулугун, анын ичинде миграция маселелери боюнча  жогорулатуу  үчүн чогулуштарды ɵткɵрүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

0

 

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

Миграцияга чыккан адамдардын саны 50 адамга азаят.

1.7

Ысырапкорчулукту жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

0

 

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

1.8

Бюджет боюнча коомдук угууларды уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

20,0

Жергиликтүү бюджет

1 ден кем эмес коомдук угуу ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

1 ден кем эмес коомдук угуу ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 50дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

1.9

Салык төлөөчүлөргө анализ жүргүзүү.

Салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл өкмөтү, салык адистери,

Салык төлөөчүлөр

2025-жыл 1-4 кв

2026-жыл 1-4 кв

2027-жыл 1-4 кв

 

 

 

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 10% жогорулайт. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

2.Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура

2.1

Алыш, Таш-Коргон жана Кара-Дөбө, Көн, Кожо, Какыр айылдарынын ар бир үй кожолугуна суу эсептегичтерди орнотуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2026-жылдар

2000,0

 

 

АРИС

Элдин эсебинен

2025-ж. 1100 кожолукка

2026-ж. 756  кожолука суу эсептегичтери орнотулат

 

Ичүүчү таза суу үнɵмдɵлүп, 1856 суу эсептегичи орнотулат

 

2.2

Хлораторныйларды салдыртуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

1000,0

Райондук өнүктүрүү фонду, Жергиликтүү бюджет эсебинен

Хлораторный салдыруу иштери 2025-жылы башталып, 2027-жылы аяктайт

11 265 адамдын ден соолугуна кам кɵрүлүп, таза суу ичүүгɵ шарт түзүлɵт

2.3

Суу сактагычтарга видео кɵзɵмɵл койдуртуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

300,0

Жергиликтүү бюджет, Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Видео кɵзɵмɵл орнотулат

11 265  адамдын коопсуздугу сакталат

2.4

Таза сууну колдонуу боюнча тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү

Айыл ɵкмɵтү, Айылдык Кеңеш, МИ

2025-жыл

0

 

Тариф бекитилет

МИ бюджети толугу менен чогултула баштайт, кызмат кɵрсɵтүүнүн деңгээли 20% жакшырат жана таз суу менен камсыз болгон калктын саны 80% га жетет

2.5

Таза сууну эффективдүү пайдалануу боюнча чогулуштарды ɵтүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

0

 

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 100дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

1 ден кем эмес чогулуш ɵткɵрүлɵт, катышуучулардын саны 100дɵн кем эмес. Анын ичинен 30% аялдар

2.6

Кара-Дөбө, Көн,Кожо, Какыр, Өлагыш айылдарынын калкын таза суу менен камсыздоого жетишүү максатында иш –кагаздарын даярдоо

Айыл өкмөтү, МИ

2025-2027-жылдар

400,0

Жергиликтүү бюджет

Таза суу тартуу үчүн иш-кагаздары даярдалат

Таза суу тартылса элдер таза суу менен камсыздалат

2.7

Калкка таштандыны сорттоп чыгаруу боюнча маалымат жеткирүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

10,0

Жергиликтүү бюджет

 

23 437 адамга

Таштандыларды сорттоо боюнча маалымат берилет

2.8

КТК таштандыларын график менен чыгарууну  уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

0

Жергиликтүү бюджет

Ар бир айылга таштандыны чыгаруу боюнча график түзүлөт жана  бекитилген графикке ылайык таштандылар чыгарылат

Ар бир айылга таштандыны чыгаруу боюнча график түзүлөт жана  бекитилген графикке ылайык таштандылар чыгарылат

Таштанды чыгаруу боюнча кызмат менен 50% адам камсыз болот

2.9

Таштандыны чогултуп жана чыгаруу боюнча жеке ишкерлер менен келишимдерди жаңыртуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2026-жылдар

0

 

Келишимдер  жаңыртылып, таштандылар ɵз убагында чыгарылат

Келишимдер  жаңыртылып, таштандылар ɵз убагында чыгарылат

2.10

МИ ишин жакшыртуу максатында, жетишсиз атайын техникалары менен камсыздоого кɵмɵктɵшүү

Айыл ɵкмɵт, МИ

2026-2027-жылдар

10 000,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору, эл аралык донорлор

 

МИ техника менен камсыз болот жана МИ иши жакшырат.

2.11

Керектелүүчү таштанды чыгаруучу челектерди аныктоо жана алуу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

1000,0

ϴнүктүрүү фонддору, донорлор

Бир  жылда 40 челек коюлат

 

Бир жылда 40 челек коюлат

 

2.12

Айыл аймактаны тургундарынын арасында таштандыны сорттоп чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

200,0

 Эл аралык донорлор

Жыл сайын ,  калк менен 3жолу  чогулуш өткөрүлөт 100 адамдын катышусуу менен, анын ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы калктын өкүлдөрү менен

Жыл сайын ,  калк менен 3жолу  чогулуш өткөрүлөт 100 адамдын катышусуу менен, анын ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы калктын өкүлдөрү менен

 

2.13

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептерге материалдык абалын жакшыртууга көмөктөшүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

4500,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Жергиликтүү бюджет эсебинен

Мештери алмаштырылат

 

Билим берүү мекемелеринин материалдык абалы жакшыртылат

2.14

Балажан-Өлагыш  балдар бакчасын капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

5000,0

Республикалык бюджет эсебинен

Жергиликтүү бюджет эсебинен

Бала бакчадагы балдарга жана кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлөт

Бала бакчадага балдарга жана кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлөт

2.15

Алыш айылына бала бакча үчүн бөлүнгөн жердин иш-кагаздарын бүтүрүү жана бала бакча курууга инвестор табуу

Айыл өкмөтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

3200,0

Республикалык бюджет, донор, жергиликтүү бюджет

Кезекте турган 100 бала бакчага барып тарбия алат

Бала бакча курулса балдарга ыңгайлуу шарт түзүлөт

2.16

Алыш, Көн, Какыр айылдарынын элдерин газ менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу

Айыл өкмөтү,

Тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

10000,0

Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет

715 кожолук газ менен камсыз болот

 

2.17

Өлагыш айылындагы муниципалдык менчикте турган клубду ишкана кылып иштетүү

Айыл өкмөтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

 

Жергиликтүү бюджет, элдин салымы

Айылга кичи ишкана курулуп аз камсыз үй-бүлөлөрдөн иш менен камсыздалат

 

2.18

Өлагыш айылындагы жараксыз абалда турган сарайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана спорт комплекс катары пайдалануу

Айыл өкмөтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

500,0

Жергиликтүү бюджет, элдин салымы

Балдарга спортко жагынан ыңгайлуу шарт түзүлөт

 

2.19

Балдарга эс алуучу жана спорт менен машыгуучу жайларда балдарга ылайыкташтырылган спорт инвентарлар менен камсыздоо, Алыш, Кожо, Какыр, Лесхоз, Ташкоргон, Көн, Какыр айылдарына спорт комплексин куруу боюнча иш алып баруу

Айыл ɵкмɵтү, маданият кызматкерлери

2025-2027-жылдар

550,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

 

Балдарга эс алуучу жана спорт менен машыгуучу жайларда балдарга ылайыкташтырылган спорт инвентарлар орнотулат

2.20

Балдарды жана жаштарды, анын ичинде кыздарды сергек жашоого үндөө

Айыл ɵкмɵтү,

тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

40,0

Жергиликтүү бюджет

34 жаш адамдар, ичинен 20 кыз спортко тартылат

 

34 жаш адамдар, ичинен 20 кыз спортко тартылат

 

2.21

Калкты маданиятты өнүктүрүүгө тартуу боюнча иш-чаралар планын кабыл алуу жана аткаруу

Айыл ɵкмɵтү, маданият үйүнүн директору

2025-2027-жылдар

60,0

Жергиликтүү бюджет

Жыл сайын план түзүлөт

Маданий иш чараларга 500 адамдан кем эмес адам тартылат, анын ичинен 30% аялдар

2.22

Комуз, бий ийримдерин ачуу, теплица иштетүү боюнча окууларды уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү,  маданият кызматкери

2025-жыл

100,0

Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер

1 ийрим ачылат 20 бала ийримге тартылат, анын ичинен 30% кыздар

1 ийрим ачылат 20 бала ийримге тартылат, анын ичинен 30% кыздар

2.23

Ички жолдордун четиндеги кɵйгɵй жаратып жаткан арыктарды аныктоо жана МИ атайын техникалары менен кɵйгɵйлɵрдү жоюу

Айыл ɵкмɵтү, МИ, тиешелүү адистер

2025-жыл

170,0

Жергиликтүү бюджет

Аймак боюнча ички жолдорунун арыктары аныкталып тазаланат

 

2.24

Лесхоз айылынын негизги кɵчɵсүнɵ    . асфальт тɵшɵɵ

Айыл ɵкмɵтү, МИ, тиешелүү адистер

2025-жылдын 2 кварталы

3000,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Лесхоз айылынын негизги көчөсүнө асфальт төшөлөт

Айыл тургундарына жана автоунаа айдоочуларына ыңгайлуу шарт түзүлөт

2.25

Ташкоргон айылынын Чек көчөсүнө асфальт төшөө

Айыл өкмөтү, МИ, тиешелүү адистер

2026-2027-жылдар

3000,0

Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет

Ташкоргон айылынын Чек көчөсүнө асфальт төшөлөт

Айыл тургундарына жана автоунаа айдоочуларына ыңгайлуу шарт түзүлөт

2.26

Кара-Дөбө айылындагы А.Ишматов көчөсүнөн тартып Көн айылындагы Токтосун кызы Айсулу көчөсүнүн аралыгындагы негизги көчөгө асфальт төшөө иштерин жүргүзүү

Айыл өкмөтү, тиешелүү адистер

2025-жыл

6000,0

Жергиликтүү бюджет, элдин салымы

Кара-Дөбө, Көн айылынын негизги көчөсүнө асфальт төшөлөт

Жергиликтүү тургундарга жана авто унаа айдоочуларына ыңгайлуу шарт түзүлөт

2.27

Какыр айылындагы А.Навои атындагы орто мектебинин жанына жаңыдан имарат куруу үчүн иш-кагаздарын даярдоо

Айыл өкмөтү, тиешелүү адистер, айыл башчы

2026-жыл

800,0

Жергиликтүү бюджет

Какыр айылына жаңыдан мектеп курууга иш-кагаздар даярдалат

А.Навои мектебине жаңыдан имарат курулуп, балдарга билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлөт

2.28

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы ички жолдорго шагыл төшөө, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

10000,0

Эл аралык донорлор Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүү жана аткарылган иштерге көзөмөл жүргүзүлөт

Айылдардагы ички жолдо оңдолуп, калыбына келтирилет

2.29

Жетишсиз мед.кызматкерлердин санын аныктоо, жаш кадрларды тартууга шарт түзүүсүнɵ кɵмɵк кɵрсɵтүү

Айыл ɵкмɵтү, ΥДТ, ФАП кызматкерлери

2025-жыл

0

Донорлор

 

Жаны ҮБДТ салынат бардык шарттары менен: даараткансы, ысык жана муздак суу киргизилген, баардык шарттары менен

2.30

ΥБДТ, ФАПтарды  заманбап, жетишсиз жабдуулар менен камсыздоого  кɵмɵктɵшүү

Айыл ɵкмɵтү, ЦСМ, жеке ишкерлер

2025-жыл

500,0

ϴнүктүрүү фонддору, донорлор, жеке ишкерлер

 

Электр.тараза, узи аппараттары менен камсыздалат

 

2.31

Айылдардагы коомчулук жерлерге жарыктандырууну орнотуу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2026-жылдар

 

Жергиликтүү бюджет, ɵнүктүрүү фонддору, донорлор

2025-ж. 1 айылга 150 чырак орнотулат

2026-ж. 4 айылга 400 чырак орнотулат

5 айылга 550 чырак орнотулат, жергиликтүү тургундарга шарт түзүлɵт

2.32

Электр энергияны үнөмдөө , энергияны үнөмдөөчү лампочкаларды коюу,күн энергиясын колдонуу боюнча  калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

0

Жергиликтүү тургундардын каражаты

Жыл сайын 1 жолу чогулуш открулот, 100 адамдын катышуусу менен, анын ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы калктын окулдорунун катышуусуу менен

 

2.33

Айыл аймактагы кээ бир айылдарга трансформатор орнотуу, электр чубалгыларын жана столба алып берүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-жыл

1300,0

Республикалык бюджет, ɵнүктүрүү фонддору

Электр чубалгылары тартылат жана столба орнотулат

Айылдардагы жаңы конуштар электр энергиясы менен камсыздалат

 

3. Экономикалык ɵнүгүү

 

3.1

Жайыттарды эффективдүү пайдалануу боюнча иш чаралар планын түзүү жана реваткаруу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-жыл

 

Эл аралык донорлор, айыл чарба департаменти

Жайыттарды эффективдүү пайдалануу боюнча иш планы түзүлөт

Иш планы 30 пайызга аткарылат

3.2

Кожо айылына Ош-Раззаков авто жолунун боюнча мөмө-жемиштерди сатуу боюнча кичи базар уюштуруу

Айыл өкмөтү,

айылдык активисттер

2025-жыл

2800,0

Эл аралык донорлор жана жергиликтүү бюджет эсебинен

Айыл тургундары жана дыйкан багбандар үчүн мөмө-жемиш сатууга ыңгайлуу шарт түзүлөт жана жумуш орундары менен камсыз болот

 

3.3

Дыйкандарды тоют багытындагы сапаттуу үрɵндɵр менен камсыз кылууга кɵмɵк кɵрсɵтүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

7 00,0

Айыл чарба департаменти менен тыгыз иштешүү, жарандардын ɵз каражаттары

 

Дыйкандарды тоют багытындагы сапаттуу үрɵндɵр менен камсыздалат жана тоюттун өндүрүмдүүлүгү 30% көтөрүлөт

3.4

Чарбачылыкты ɵнүктүрүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Боло турган кɵргɵзмɵ, жарманкелер боюнча жергиликтүү дыйкан, фермерлерге маалымат берүү жана алардын катышуусуна кɵмɵк кɵрсɵтүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

-

Айыл чарба департаменти, айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери

Жарманке жана көргөзмө иш чараларга 30 адам катышуу, ичинде 30% кем эмес аялдар катышусуу менен

Жарманке жана көргөзмө иш чараларга 30адам катышуу, ичинде 30% кем эмес аялдар катышусуу менен

3.5

Кооперативдерди түзүүгɵ үгүттɵɵ жана көмөктөшүү

 

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

-

Эл аралык донор

 

1 кооператив түзүлөт

 

3.6

Окуу семинарларды уюштурууга кɵмɵктɵшүү (  айыл чарба багытын жакшыртуу, жер семирткичтерди)

 

 

 

 

 

 

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

 

 Эл аралык донор

Сүт,эт багытында жана малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча окуулар өткөрүлөт, 20 адам катышуу менен, ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы өкүлдөрүнүн катышусуу менен

Сүт,эт багытында жана малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча окуулар өткөрүлөт, 20 адам катышуу менен, ичинде 30% кем эмес бир жыныстагы өкүлдөрүнүн катышусуу менен

3.7

Айыл аймакта бодо жана майда мүйүздүү малдар үчүн тоют базасын өнүктүрүү.  жер-жерлердеги мүмкүнчүлүктөрдүн жана малды бордоп семиртүүнүн эсебинен мал чарбасынын тоют базасын жакшыртуу боюнча адистердин кеңешин уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү, МИнин тиешелүү адистери

2025-2027-жылдар

600,0

Жергиликтүү бюджет

Жыл сайын 20 малчылар маалымат алышат, ичинде  5 кем эмес аял

 

Жыл сайын 20 малчылар маалымат алышат, ичинде  5 кем эмес аял

 

3.8

Малдарды үкөлдөө пунктун ачуу

Айыл өкмөтү, тиешелүү адистер

2026-жыл

600,0

Жергиликтүү бюджет

Малдарды үкөлдөөгө шарт түзүлөт

 

3.9

Кара-Дөбө айылына жасалма “уруктандыруу пунктун ачуу"

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2026-2027-жылдар

1500,0

 Эл аралык донор

1 пункт ачылат

 

 

3.10

Айыл аймактагы айылдардын багбандарынын мɵмɵ жемиштерин сактоо жана жакшы баада сатуу үчүн муздаткыч салдыруу

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2026-жыл

1000,0

 Эл аралык донор

1 муздаткыч салынат

 

 

3.11

Ташкоргон айылында жайгашкан эски мал базарынын ордуна заманбап мал базар курдуруу

Айыл ɵкмɵтү

2025-2027-жылдар

500,0

 Эл аралык донор

Мал базар курулат

 

3.12

Жерди иштетүү  боюнча жана органикалык жер семирткичтерди колдонууга, которуштуруп айдоого, сапаттуу үрөндөрдү пайдаланууга басым жасоого окууларды өткөрүүгө көмөктөшүү

Айыл ɵкмɵтү

2025-2026-жылдар

-

Эл аралык уюмдар менен

50 жаш адам, анын ичинде 20 аял, билим дэеңгээли жогорулайт

50 жаш адам, анын ичинде 20 аял, билим дэеңгээли жогорулайт

3.13

Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоого көмөктөшүү

Айыл ɵкмɵтү

2025-2027-жылдар

-

Айыл чарба министрлигинин менен жана эл аралык уюмдар

Жыл сайын 20 дыйкан чарбаны, ичинен 5 кем эмес аялдарды

Жыл сайын 20 дыйкан чарбаны, ичинен 5 кем эмес аялдарды

3.14

Айыл чарба министрлигинин региондук бөлүмүнүн көмөгү менен министрликтин адистеринин келүүсүн уюштуруу, алар айыл аймагынын малчылары жана дыйкан чарбалар үчүн консультацияларды жана практикалык сабактарды өткөруугө көмөктөшүү

Айыл ɵкмɵтү

2025-2027-жылдар

-

КР айыл чарба министрлигинин менен

Жыл сайын 20 малчылар жана дыйкандар, ичинен 5 кем эмес аялдардын билим дээңгели жогорулайт

Жыл сайын 20 малчылар жана дыйкандар, ичинен 5 кем эмес аялдардын билим дээңгели жогорулайт

4. Инклюзивдик ɵнүгүү

4.1

Жакырчылыкты жоюу боюнча жумушчу орундарды түзүүгө көмөк көрсөтүү

Жеке ишкерлер, Айыл ɵкмɵтү

2025-2027-жылдар

-

Жеке ишкерлер , эл аралык уюмдар

35 адамга кыскарылат, 754 ден 719 га кыскарылат

35 адамга кыскарылат

4.2

Эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо жана кɵзɵмɵлгɵ алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, ИДН, соц. мугалим

2025-2027-жылдар

-

Айыл ɵкмɵтү

Квартал сайын ИДН жана соц.мугалим менен  биргеликте 1ден  кем эмес  үй-бүлөлөр менен жолугушуу

Квартал сайын ИДН жана соц.мугалим менен  биргеликте 1ден  кем эмес  үй-бүлөлөр менен жолугушуу 311 үй-бүлө

4.3

Керектүү учурда психологдордун жардамы менен иш алып баруу

Айыл ɵкмɵтү, ИДН, соц педагог

2025-2027-жылдар

20,0

Айыл ɵкмɵтү, жеке ишкерлер

Жыл сайын 18 жакын адам психологдон консультация алат

Жыл сайын 18 жакын адам психологдон консультация алат

4.4

Бош убактысын туура пайдаланууга шарт түзүп берүү жана үгүттɵɵ (ийримдерге, спортко катыштыруу) жана кɵмɵктɵшүү

Айыл ɵкмɵтү, соц педагог

2025-2027-жылдар

30,0 жыл сайын

Айыл ɵкмɵтү, жеке ишкерлер

Жыл сайын 20 жаш, ичинде 30 % кем эмес бир жыныстагы өкүлдөрүнүн катышуусу менен

Жыл сайын 20 жаш, ичинде 30 % кем эмес бир жыныстагы өкүлдөрүнүн катышуусу менен

4.5

Миграцияны алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, соц педагог

2025-2027-жылдар

0

Айыл ɵкмɵтү, мектеп, бала бакча

200 үй-бүлө катышат калк

 

4.6

Инклюзивдик окутууну уюштуруу

Айыл ɵкмɵтү, мектеп

2025-2027-жылдар

200,0

Айыл ɵкмɵтү, мектеп

Айылдардагы инклюзивдик окууга муктаж окуучулар билим менен камсыздалат

 

4.7

Турмуштук оор кырдаалга чалдыккан жарандарды Социалдык ɵнүктүрүү министрлигинин «Социалдык контракт» долбооруна катышууга кɵмɵктɵшүү

Айыл ɵкмɵтү, соц.адис, соц кызматкерлер,аялдар кенешинин мүчөлөрү

2025-2026-жылдар

9600,0

Республикалык бюджет

 

96 аялдын финансылык сабаттуулугу жогорулап, ɵз иши менен алек болуп, үй-бүлɵɵлүк кирешеси кɵбɵйɵт калктын аярлуу катмарына ижара жерлери сессияда каралып эн төмөн баада берилет

4.8

Айыл аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө убактылуу жумуш менен камсыз кылуу максатында БУУ ДАТП программасынын алкагында кыска мөөнөттөгү окуу курстарын уюштурууга долбоор даярдоо жана ишке ашыруу

Айыл өкмөтү, тиешелүү кызматкерлер

2025-2027-жылдар

279 000

БУУ ДАТП

30 адам убактылуу жумуш менен камсыздалат

30 адам 3 каптан ун 15 литрден май менен камсыз болот

4.9

Айыл өкмөт аймагындагы аялдарды жумуш менен камсыз кылуу максатында Алыш, Кара-Дөбө айылдарына тигүү цехин ачуу жана 15 аялды жумуш менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу

Айыл өкмөтү, тиешелүү кызматкерлер

2025-2027-жылдар

1 млн 200 сом

Айыл ɵкмɵт, жеке ишкерлер, коомдук уюмдар менен биргеликте

15 аял жумуш менен камсыздалат

15 аял жумуш менен камсыз болуп жумушсуздуктун пайызы кыскарат.

4.10

Жакырчылыкты жоюу боюнча жумушчу орундарды түзүүгө көмөк көрсөтүү

Жеке ишкерлер, Айыл ɵкмɵтү

2025-2027-жылдар

-

Жеке ишкерлер , эл аралык уюмдар

35 адамга кыскарылат, 754 ден 719га кыскарылат

35 адамга кыскарылат

4.11

Эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо жана кɵзɵмɵлгɵ алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, ИДН, соц. мугалим

2025-2027-жылдар

-

Айыл ɵкмɵтү

Квартал сайын ИДН жана соц.мугалим менен  биргеликте 1ден  кем эмес  үй-бүлөлөр менен жолугушуу

Квартал сайын ИДН жана соц.мугалим менен  биргеликте 1ден  кем эмес  үй-бүлөлөр менен жолугушуу 311 үй-бүлө

4.12

Женилдетилген шартта жерлерди ижарага берүү менен сезондук жумуш орду менен камсыз болуусуна көмөк көрсөтүү

Айыл өкмөтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

-

Айыл өкмөтү

Аймактагы 10 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жер менен камсыздалып, арзандатылган салык төлөм төлөшөт

 

5. Мейкиндик

 

5.1

Айыл аймактагы генпланы тактала элек 7 айылдын ген планын иштеп чыгуу

Айыл өкмөтү,

Тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

6000,0

Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет

Акча каражаты бɵлүнɵт

Генплан иштелип чыгат

5.2

Айыл аймактагы жерлердин категориялары боюнча тактоо менен инвентаризация жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү,

Тиешелүү адистер

2025- 2026-жылдар

1000,0

Жергиликтүү бюджет

1 кварталда бир жолу Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлер такталат

 

5,3

Айыл аймактагы калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында 150, га жер аянтынын трансформация иштерин аягына чыгаруу

Айыл ɵкмɵтү,

Тиешелүү адистер

2025- 2026-жылдар

2000,0

Жергиликтүү бюджет

626 адам турак жай үчүн жер тилкеси менен камсыз болот

626 адам турак жай үчүн жер тилкеси менен камсыз болот

5.4

Жайыт жерлерди (күзгү, кышкы, жазгы, жайкы) кɵзɵмɵлгɵ алуу, үрɵндɵрдү себүү, жайыт токой суу фондунун жерлерин ɵз багытында колдонуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

0

МИ, жайыт комитеттери

Жайыттарга кɵп жылдык чɵптɵрдүн үрɵɵнү себилип, деградациядан сакталат

Жайыттарга кɵп жылдык чɵптɵрдүн үрɵɵнү себилип, деградациядан сакталат

5.5

Кыргыз гипроземге зоналдык карта жасоого акча каражатын бөлдүрүү,буйрутма берүү

 

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

500,0

Жергиликтүү бюджет

Зоналдык карта түзүлөт

 

 

5.6

Кызыл сызыктан ɵткɵндɵргɵ калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чектерин аныктоо

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-2027-жылдар

0

Архитектура, жер адис

Ар бир айылда чогулуш өткөрүлөт, 50 адамдын катышуусу менен

Ар бир айылда чогулуш өткөрүлөт, 50 адамдын катышуусу менен

 

5.7

Ички жолдордун кызыл сызыгын аныктоо жана калк ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге тосмолорун жылдыртуу

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

0

Айыл ɵкмɵтү, архитектура

Ар бир айылда чогулуш өткөрүлөт, 50 адамдын катышуусу менен

 

 

Ар бир айылда чогулуш өткөрүлөт, 50 адамдын катышуусу менен

 

5.8

Мыйзамсыз колдонулган жерлерди тактоо тиешелүү чараларды көрүү

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

2025-2027-жылдар

0

Айыл ɵкмɵтү, тиешелүү адистер

Мыйзамсыз колдонулган жерлер такталат жана  тиешелүү чаралар көрүлөт

Мыйзамсыз колдонулган жерлер такталат жана  тиешелүү чаралар көрүлөт

6.Айлана-чɵйрɵ

 

6.1

Жашыл кɵчɵттɵрдү кɵбɵйтүү. «Жашыл мурас» КР Президентини н жарлыгын толук ишке ашыруу. Кɵчɵттɵрдүн толук кандуу ɵсүшүнɵ кɵңүл буруу. Эс алуу парктарын кеңейтүү, жашылдандыруу, жакшыртуу.

Айыл ɵкмɵтү

2025-2027-жылдар

350,0

Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер

575 көчөт отургузулат, убагында суугарылат

 

 

575 көчөт отургузулат, убагында суугарылат

 

 

6.2

Айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылындагы 3 га таштанды таштоочу жайдын айланасын тосуу

Айыл өкмөтү,

Тиешелүү адистер

2025-жыл

1500,0

Жергиликтүү бюджет

3 га таштанды таштоочу жайдын айланасы тосулат жана санитардык абал жакшырат

3 га таштанды таштоочу жайдын айлагасы тосулат жана санитардык абал жакшырат

6.3

КТК полигонунун айлана тегерегин курчоо, жолун оңдоо, видео байкоо орнотуу, табличкаларды илүү

Айыл өкмөтү, тиешелүү адистер

2025-жыл

500,0 сом

Жергиликтүү бюджет,

демөөрчүлөр

 

Долбоордун сметасы даярдалып, мам. сатып алуулар порталына берилет

Айлана тегереги курчалып, жолдорунун абалы жакшырып, видео байкоо жана атайын белгилер орнотулат.

6.4

Суу саркындыларын тазалоочу жайларды аныктоо. ПСД долбоорун дайындоо. Каржылоо булактарын издɵɵ.

Айыл ɵкмɵтү, МИ

2025-жыл

0

Айыл ɵкмɵтү, жергиликтүү тургундар

Суу саркындыларын тазалоочу жайлары аныкталат. ПСД долбоору түзүлөт    

 

6.5

Коомдук жерлерди жашылдандыруу жана ирригация системаларын оңдоо

Айыл өкмөтү, ишкана мекемелер

2025 2-3 кв

2026 2-3 кв

2027 2-3 кв

200,0

 

ЖБ

Айылдын  борбордук көчөлөрү жана эс алуучу жайларына көп жылдык 100дөн кем эмес  бак-дарактар отургузулат.

6.6

Алыш айылындагы Кызыл-Даңги участкасына караштуу каналдын астынан сайга чейин 400 метр аралыгын тазалоо жана 100 метр аралыгын габион сеткасы менен бекемдөө

Айыл өкмөтү, МЧС

2025-жыл

0

Республикалык бюджет

Алыш айылындагы Кызыл-Даңги участкасына караштуу каналдын астынан сайга чейин 400 метр аралыгы тазаланат жана 100 метр аралыгын габион сеткасы менен бекемделет

Айыл жашоочуларынын коопсуздугу камсыздалат

6.7

Алыш айылындагы Бөрү көрбөс участкасынын 400 метр аралыгын тазалоо жана бекемдөө

Айыл өкмөтү, МЧС

2025-жыл

0

Республикалык бюджет

Алыш айылындагы Бөрү көрбөс участкасынын 400 метр аралыгы тазаланат жана бекемделет

Айыл жашоочуларынын коопсуздугу камсыздалат

6.8

Өлагыш айылынын Борду участкасынын 600 метр аралыгын тазалоо жана 70 метр аралыкка габион сеткасы менен бекемдөө

 

Айыл өкмөтү, МЧС

2025-жыл

0

Республикалык бюджет

Өлагыш айылынын Борду участкасынын 600 метр аралыгы тазаланат жана 70 метр аралыкка габион сеткасы менен бекемделет

Айыл жашоочуларынын коопсуздугу камсыздалат

6.9

Ташкоргон жана Кожо айылдарынын сел кетүүчү кооптуу жерлерин тазалоо жана тосуу иштерин жүргүзүү

Айыл өкмөтү, МЧС

2025-2026-жылдар

0

Республикалык бюджет

 

 

Жалпы

115049,0 сом

 

 

Эскертүү: Жалпы 2025-2027-жылдарга карата пландалган иштердин суммасы болжол менен 115049,0 сомду түздү.

 

 

 

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                                                                       А.Бакиров

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ №4

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

21/01/25-ж.

А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылындагы 2.0 га жер аянтын транформациялоого макулдук берүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин  айыл чарба  боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылындагы №171-контурундагы 2,0 га жер аянтын социалдык объект үчүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин сугат айдоо жеринен “Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык  кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                        Т.Галботоев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ №5

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

21/01/25-ж.

А.Масалиев айыл аймагынын Өлагыш айылындагы бала бакчага жер аянтын кошуп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин  айыл чарба  боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. А.Масалиев айыл аймагынын Өлагыш айылындагы Т.Мадарипов атындагы орто мектебинин жер аянтынан  0,10 га жер аянтын бала бакчага кошуп  берүүгө макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык  кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                        Т.Галботоев