Кыскача мазмуну № 37/1       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү програмасынын аткарылышы боюнча 6 айлык отчету жөнүндө № 37/2       А.Масалиев айыл өкмөт аймагында ээн, кароосуз жүргөн малдарга чара көрүү жөнүндө № 37/3       А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы “Алдаберди” фермердик чарбасына короо –сарай курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө № 37/4       А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө № 37/5       А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы муниципалдык менчикте турган имараттардын ижара акыларын көтөрүү жөнүндө № 37/6       Кара-Дөбө айылындагы мөмө жемиштерди кургатуучу цехин ижарага берүү жана пайдалануу жөнүндө № 37/7       А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы 1-категория жана 2-категориядагы мобилизация убагында чакыртыла турган аскерге милдеттүүлөрдү биринчи орунда турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө № 37/8       А.Масалиев айыл өкмөт аймагында ЖРТ тестинен эң жогорку балл алган мектеп окуучуларын жана окуучуларды даярдаган мугалимдерди сыйлоо жөнүндө № 37/9       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Электрондук тибин көчүрүп алуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 37/1

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

01/08/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү програмасынын аткарылышы боюнча 6 айлык отчету жөнүндө

А.Масалиев айыл өкмөт башчысы А.Бакировдун 2024-жылдын 6 айында айыл өкмөтүнүндө  аткарылган иштер боюнча отчету жана  каржы бөлүмүнүн башчысы М.Исажановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөт башчысы А.Бакировдун айыл өкмөтүндө 2024-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча отчёту канаатандырарлык деп табылсын.                                                                                                                                                     
  2. Бюджетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)     
  3. Айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)            
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                           Т.Галботоев

       
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин өзгөртүүлөрдүн тизмеси
       
  Киреше бөлүгү:    
       
 № к/н Кирешенин түрлөрү беренеси  мин.сом
1 Киреше салыгы 11111100 6000,0
2 Киреше салыгы бирдиктүү декларация 11111200 312,0
3 Кыймылсыз мүлк салыгы 11311200 -420,0
4 Кароо жанындагы жана бакча-огород жер участкаларын пайдалануу 11321100 150,0
5 башка ар түрдүү  кирешелер 14239900 120,0
6 Муниципиалдык менчикте турган имараттарды ижарага беруу 14211200 120,0
   жалпы кирешенин жыйынтыгы   6282,0
       
       
  Чыгаша бөлүгү:    
       
 № к/н аталышы беренеси  мин.сом
  ЖКХ    
1 Мүлктү учурдагы оңдоого 2221200 6282,0
  Жалпы   6282,0
       
       
       
                          
  Башкы эсепчи:                                            М.Исажанов  
       
       

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 37/2

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

01/08/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөт аймагында ээн, кароосуз жүргөн малдарга чара көрүү жөнүндө

А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколуна  негиз жана айыл өкмөт башчысы А.Бакировдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы айылдарда айдоо жерлерине малдарды айдап багууга тыюу салынсын.
  2. Кароосуз жүргөн малдардын ээлерине укук бузуулар кодексинин беренелеринин негизинде 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын деп белгиленсин.
  3. Ушул токтомго негиз моюн сунбаган жарандарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жагы каралсын.
  4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 37/3

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

01/08/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы “Алдаберди” фермердик чарбасына короо –сарай курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы “Алдаберди” фермердик чарбасына ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн короо – сарай салууга Көн айылынын үстү тарабынан 0,50 га жер аянты ажыратылып берилсин.
  2. Короо-сарай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
  3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 37/4

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

01/08/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу “Исфайрам” муниципалдык ишканасына тазалык иштерин жүргүзүүгө техника сатып алуу үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Кара-Дөбө айылына таза суу киргизүү үчүн жасалуучу таза суу долбооруна макулдук берилсин.
  3. Айыл өкмөт аймагындагы айылдардын таза сууга кирбей калган көчөлөрүнө таза суу тартуу боюнча долбоору даярдалсын.
  4. “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын таза сууга 6 айлыкта алымча кошумча чыгымдары каралсын.
  5. Токтомдун аткарылышы “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын директору И.Бекботоевке милдеттендирилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 37/5

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

01/08/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы муниципалдык менчикте турган имараттардын ижара акыларын көтөрүү жөнүндө

А.Масалиев айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы А.Мадумаровдун  билдирүүсүн угуп жана бүгүнкү  күндөгү инфляцияны эске алып күн тартибиндеги маселени  талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы муниципалдык менчикте турган имараттардын ижара акылары көтөрүлсүн.
  2. Алдыңкы келишимдери жокко чыгарылып кайрадан келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

                                                                                             

 

 

         Төрага                                                                                     Т.Галботоев

                                                                                                

   

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 37/6

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

01/08/24-ж.

Кара-Дөбө айылындагы мөмө жемиштерди кургатуучу цехин ижарага берүү жана пайдалануу жөнүндө

АРИС коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу боюнча долбоордун координатору М.Э.Баялиевдин 13-июнундагы №10-498 сандуу катынын негизинде билдирүүнү   угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айылында АРИС прогаммасынын колдоосунун негизинде мөмө жемиштерди кургатуучу цехи уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана АРИС коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу  боюнча долбоордун координатору М.Э.Баялиевдин 13-июнундагы №10-498 сандуу каты көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
  2. Кара-Дөбө айылындагы мөмө-жемиштерди кургатуучу цехин бизнес өнөктөшкө убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 37/7

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

01/08/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы 1-категория жана 2-категориядагы мобилизация убагында чакыртыла турган аскерге милдеттүүлөрдү биринчи орунда турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө

Мамлекетибизге сырттан коркунуч  жаралганда мекенди коргоо үчүн аскерге милдеттүүлөрдү жыйноодо 1-2- категориядагы аскерге милдеттүүлөр биринчи тартыларын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 54-беренесинде көрсөтүлгөн жарандардын ыйык парзын жана милдетин аткарган жаш жигиттерибизди колдоо,  1-категория жана 2-категориядагы мобилизация убагында чакыртыла турган аскерге милдеттүүлөрдү биринчи орунда турак жай менен камсыз кылуу боюнча  угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагында турак чай куруу үчүн жер тилкеси трансформация болуп берилип баштаганда мамлекет тарабынан берилүүчү турак жай куруу үчүн жер тилкесин ала элек 1-категория жана 2-категориядагы мобилизация убагында чакыртыла турган анык аскер кызматына барып келген аскерге милдеттүүлөргө биринчи орунда турак жай куруу үчүн жер тилкеси берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
  3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер  жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларына   жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 37/8

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

01/08/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөт аймагында ЖРТ тестинен эң жогорку балл алган мектеп окуучуларын жана окуучуларды даярдаган мугалимдерди сыйлоо жөнүндө

Социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагында ЖРТ тестинен эң жогорку балл алган ар бир мектеп окуучусу жана окуучуларды даярдаган мугалимдер сыйлансын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
  2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына   жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 37/9

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

01/08/24-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Исажановдун  2024-жылдын жергиликтүү бюджети боюнча 6 айлык  планга карата билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Исажановдун билдирүүсү эске алынсын, жергиликтүү бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн өзгөртүү, толуктоолору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

                                                                                              (Тиркеме тиркелет)

 

 

         Төрага                                                                                     Т.Галботоев

                                                                                                

   

       
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин өзгөртүүлөрдүн тизмеси
       
  Киреше бөлүгү:    
       
 № к/н Кирешенин түрлөрү беренеси  мин.сом
1 Киреше салыгы 11111100 6000,0
2 Киреше салыгы бирдиктүү декларация 11111200 312,0
3 Кыймылсыз мүлк салыгы 11311200 -420,0
4 Кароо жанындагы жана бакча-огород жер участкаларын пайдалануу 11321100 150,0
5 башка ар түрдүү  кирешелер 14239900 120,0
6 Муниципиалдык менчикте турган имараттарды ижарага беруу 14211200 120,0
   жалпы кирешенин жыйынтыгы   6282,0
       
       
  Чыгаша бөлүгү:    
       
 № к/н аталышы беренеси  мин.сом
  ЖКХ    
1 Мүлктү учурдагы оңдоого 2221200 6282,0
  Жалпы   6282,0
       
       
       
                          
  Башкы эсепчи:                                            М.Исажанов