Электрондук тибин көчүрүп алуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 22/1

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

27/07/23-ж.

А.Масалиев айыл аймагындагы контур №15 жайгашкан жалпы аянты 10,0 га таштуу жайыт эсебиндеги “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-статьясынын 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2013-жылдагы №145 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтомуна негиз жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Юнусалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл аймагынын экономикасын өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Көн айылынын түштүк-батыш тарабында контур №15   жайгашкан жалпы аянты 10,0 га таштуу жайыт  эсебиндеги “Айыл чарба багытындагы  жерлер”  категориясынан “Өнөр жайынын,  транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”  категориясына которууга макулдук  берилсин.

                                                                                                                                                                                                                                                   

  1. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Юнусалиевке милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

А.Масалиев айылдык Кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                                            А.Мамажанов

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 22/2

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

27/07/23-ж.

А.Масалиев айыл аймагындагы контур №13,15,17-контурларында жайгашкан жалпы аянты 2,20 га жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-статьясынын 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2013-жылдагы №145 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтомуна негиз жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Юнусалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл аймагына караштуу Лесхоз айылынын тургундарын социалдык өнүгүүсүн  жогорулатуу максатында Лесхоз  айылына мектеп куруу үчүн №15 контурундагы 1,40 га жер аянты тыт, №17 контурундагы 0,20 га жер аянты кысыраңыз,  №13 контурундагы 0,20 га жер аянты жайыт жер, №13 контурундагы 0,40 га жер аянты тыт жалпы 2,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы  жерлер”  категориясынан “Өнөр жайынын,  транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”  категориясына которууга макулдук  берилсин.

                                                                                                                                                                                                                                                   

  1. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Юнусалиевке милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

А.Масалиев айылдык Кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                                            А.Мамажанов