Электрондук тибин көчүрүп алуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 20/1

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

24/05/23-ж.

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер –укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” №21 мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “ Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер –укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” №21 мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “ Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун 18-пунктун талкуулап чыгып А.Масалиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы Чыгыш №01-17/1296, А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 23-майындагы №03-24/378 сунуш каттары эске алынсын.
  2. Жер мунапысынын субьектисине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жеке турак жайынын жана бакчасынын жер өлчөмү эгерде үлүш жеринде болсо, өзүнө тиешелүү гана үлүшүнүн коэффициентинин өлчөмү, ал эми мамлекеттик сугат айдоо жери 0,05 га, бак-дарактар, кайрак айдоо, жайыт, курулуш астындагы жерлер жана башка түрдөгү жерлер  0,10 га жана токтом чыгып системалык каттоодон катталбай калган жер болсо токтом негизинде деп аныкталсын.
  3. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Юнусалиевге жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык Кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                            Т.Галботоев