Кыскача мазмуну № 17/1       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык программасынын аткарылышы боюнча отчету № 17/2       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү жана 2024-2025- жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө № 17/3       А.Масалиев айыл аймагынын жергиликтүү салык үчүн коэффициентин бекитип берүү жөнүндө № 17/4       А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2022-жылдын 09-декабрындагы кезектеги XVI сессиясынын № 16/2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө № 17/5       А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын 2022-жылдын 09-декабрындагы № 16/4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө № 17/6       А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын 2022-жылдын 09-декабрындагы № 16/5 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Электрондук тибин көчүрүп алуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 17/1

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/23-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык программасынын аткарылышы боюнча отчету

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап  айылдык Кенештин сессиясынын чечимине негиз 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

 

 

 

 

             Төрага                                                                                Т.Галботоев

 

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 17/2

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/23-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү жана 2024-2025- жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө

А.Масалиев айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы – М.Исажановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясынын чечимине негиз

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджети киреше булагы 31786,9 миң сомго жана чыгаша булагы 31786,9 миң сомго №1 тиркемеге ылайык кошумча алымчасы менен бекитилсин.
  2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жыл үчүн негизги киреше булагы болжолу менен 35297,2 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 35297,2 миң сомго №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
  3. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2025-жыл үчүн негизги киреше булагы болжолу менен 36902,0 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 36902,0 миң сомго №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
  4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге( эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна, коммуналдык чыгымдарга, тамак-аш, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул) жүргүзүлсүн.
  5. Бекитилген каражаттар казыналыкты айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.
  6. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджети 2023-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

                Төрага                                                                                              Т.Галботоев

 

                 
          А. Масалиев айылдык  
          кенешинин 2023- жылдын 
          18-январь токтомуна   
          № 1 тиркеме    
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2023 - жылга кирешелери
                 
Классификация Кирешенин  аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти толоочу киреше салыгы 10028,7
11122100  патент негизиндеги салык 538,2
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу учун пайдаланылуучу кыймылсыз мулкко салык 66,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1141,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу учун жер салыгы 420,2
11321200 Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 0,0
11321300 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 260,5
11462320 Курулуш куму 51,8
11462390 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал 127,7
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун  605,3
14152200 Жайыттардын ижарасы учун акы 320,2
14152600 Жерлерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акысы 4402,7
14152100 Калктуу конуштардын жер ижарасы учун акы 123,1
14153200 Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага беруу. 27,0
14224200 Таштандыларды ташып чыгаруу учун акы 153,0
13321100 Тендештируучу гранттар 13490,0
  Жалпы: 31786,9
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2023- жылдын чыгашалары
                 
Экономикалык классиф Чыгашанын  аталышы Суммасы
1 Аппарат 19475,9
2 Жайыт комитети 224
3 ТЖМ 12087,0
Жалпы: 31786,9
                 
                 
Жооптуу катчы :         Н.Мусаева  
                 
                 
                 
                 
                 
          А. Масалиев айылдык  
          кенешинин 2023- жылдын 
          18-январь токтомуна   
          № 2 тиркеме    
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2024- жылга кирешелери
                 
Классификация Кирешенин  аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти толоочу киреше салыгы 13539,0
11122100  патент негизиндеги салык 538,2
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу учун пайдаланылуучу кыймылсыз мулкко салык 66,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1141,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу учун жер салыгы 420,2
11321200 Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 0,0
11321300 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 260,5
11462320 Курулуш куму 51,8
11462390 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал 127,7
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун  605,3
14152200 Жайыттардын ижарасы учун акы 320,2
14152600 Жерлерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акысы 4402,7
14152100 Калктуу конуштардын жер ижарасы учун акы 123,1
14153200 Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага беруу. 27,0
14224200 Таштандыларды ташып чыгаруу учун акы 153,0
13321100 Тендештируучу гранттар 13490,0
  Жалпы: 35297,2
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2024- жылдын чыгашалары
                 
Экономикалык классиф Чыгашанын  аталышы Суммасы
1 Аппарат 18336,3
2 Жайыт комитети 224
3 ТЖМ 16736,9
Жалпы: 35297,2
                 
                 
Жооптуу катчы :         Н.Мусаева  
                 
          А. Масалиев айылдык  
          кенешинин 2023- жылдын 
          18-январь токтомуна   
          № 3 тиркеме    
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2025 - жылга кирешелери
                 
Классификация Кирешенин  аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти толоочу киреше салыгы 14175,0
11122100  патент негизиндеги салык 538,2
11122200 Ыктыярдуу патент негизиндеги салык  
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу учун пайдаланылуучу кыймылсыз мулкко салык 66,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1141,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу учун жер салыгы 420,2
11321200 Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 968,8
11321300 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы 260,5
11462320 Курулуш куму 51,8
11462390 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка метал 127,7
14151200 Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы учун  605,3
14152200 Жайыттардын ижарасы учун акы 320,2
14152600 Жерлерди кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акысы 4402,7
14152100 Калктуу конуштардын жер ижарасы учун акы 123,1
14153200 Муниципалдык менчикте турган жайларды имараттарды жана курулмаларды ижарага беруу. 27,0
14224200 Таштандыларды ташып чыгаруу учун акы 153,0
14232400 Билим беруу жана маданий кызматтарды корсотуу   
13321100 Тендештируучу гранттар 13490,0
  Жалпы: 36902,0
                 
А. Масалиев айыл окмотунун 2025- жылдын чыгашалары
                 
Экономикалык классиф Чыгашанын  аталышы Суммасы
1 Аппарат 19941,1
2 Жайыт комитети 224
3 ТЖМ 16736,9
Жалпы: 36902,0
                 
                 
Жооптуу катчы :         Н.Мусаева  
                 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 17/3

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/23-ж.

А.Масалиев айыл аймагынын жергиликтүү салык үчүн коэффициентин бекитип берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Кадамжай райондук салык башкармалыгынын кызматкери Полотов Нургазынын, айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси Мурзалиев Нурландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. А.Масалиев айыл аймагында айыл чарба жер салыктарына 1,2 коэффициент бекитилсин.
  2. Айыл чарбасына арналбаган жерлер үчүн алынуучу салыктарга 1,2 коэффициент бекитилсин.
  3. Таштандыларды чыгаруу салыгы 50 (элүү) сомго калтырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылып, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерине жүктөлсүн.

 

 

          Төрага                                                                                              Т.Галботоев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 17/4

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/23-ж.

А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2022-жылдын 09-декабрындагы кезектеги XVI сессиясынын № 16/2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын    2023-жылдын 18-январындагы кезектеги XVII сессиясынын протоколдук чечиминин негизинде  А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын    2022-жылдын 09-декабрындагы  кезектеги XVI сессиясынын № 16/2 сандуу токтомуна  өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында А.Масалиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл аймагынын Көн айылындагы “Алтын-Уя-Көн” балдар бакчасынын жаңыдан курулуучу имаратына муниципалдык менчикте турган А.Орозбеков атындагы орто мектебинин жалпы 33600 ч.м жер аянтынан  4500 ч.м  жер аянтын жана Алыш айылындагы “Ак Ниет – Алыш” бала бакчасынын жаңыдан курулуучу имаратына Козубай атындагы орто мектебинин жалпы 31697,2 ч.м жер аянтынан 4000 ч.м  жер аянттарын  ажыратып берүүгө макулдук берилсин.  
  2. Аталган бала бакчалардын жаңыдан курулуучу имаратына айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
  3. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерине жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  5. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2022-жылдын 09-декабрындагы №16/2 сандуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

 

 

                Төрага                                                                                           Т.Галботоев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 17/5

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/23-ж.

А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын 2022-жылдын 09-декабрындагы № 16/4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын    2023-жылдын 18-январындагы кезектеги XVII сессиясынын протоколдук чечиминин негизинде  А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын    2022-жылдын 09-декабрындагы  кезектеги XVI сессиясынын № 16/4 сандуу токтомуна  өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында А.Масалиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2022-жылдын 09-декабрындагы кезектеги XVI сессиясынын № 16/4 токтомунун 1- пунктундагы “Мамажан-Ата” деген сөздөр “Молдо Мамажан” деген сөзгө өзгөртүрүлсүн.

                                                                                       

 

 

                Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 17/6

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

18/01/23-ж.

А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын 2022-жылдын 09-декабрындагы № 16/5 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын    2023-жылдын 18-январындагы кезектеги XVII сессиясынын протоколдук чечиминин негизинде  А.Масалиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын    2022-жылдын 09-декабрындагы  кезектеги XVI сессиясынын № 16/5 сандуу токтомуна  өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында А.Масалиев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2022-жылдын 09-декабрындагы кезектеги XVI сессиясынын № 16/5 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-  1-пунктта  “жер тилкеси ажыратылып берилсин” деген сөздөр “жер аянттарын  ажыратып берүүгө макулдук берилсин” деген сөздөр менен өзгөртүлүп толукталсын. 

- 4-пунктту алып салынсын.  

 

 

 

 

 

                Төрага                                                                                           Т.Галботоев