Кыскача мазмуну № 13/1       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча отчету жана бюджетке өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүү жөнүндө № 13/2       А.Масалиев айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участогу менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасын бектип берүү жөнүндө № 13/3       А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Ташкоргон айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 1,4 га жер аянтын мал базар ачуу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө № 13/4       А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын Кара-Дөбө, Көн, Кожо айылдары боюнча таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө № 13/5       “Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жерин айыл өкмөт балансына алуу жөнүндө № 13/6       Кара-Дөбө айылынын тургуну Ю.Хасановко Ош-Баткен-Раззаков автожолундагы муниципалдык менчиктеги 280 ч.м. жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Электрондук тибин көчүрүп алуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 13/1

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

10/08/22-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча отчету жана бюджетке өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүү жөнүндө

А.Масалиев айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловдун 2022-жылдын 6 айында айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жана  каржы бөлүмүнүн башчысы М.Исажановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 6 айында аткарылышы жактырылсын.

 

  1. Бюджетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

(Тиркеме тиркелет)

 

 

 

         Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

 

 

А.Масалиев айыл Кенешинин 7-чакырылыш кезектеги 13- сессиясынын токтомуна тиркеме

       
       
       
       

Беренелердин  аталышы

Берене

Озгортурулгон акча каражаты (+.-)

 

 

кобойгону

азайганы

Аппарат

 

 

 

Сапар чыгымдары

2111

28,6

 

транспортук чыгымдар

2214

50,0

 

ар турдуу чыгымдар учун

2215

447,4

 

сот аткаруу барагпы

2823

 

-8,0

бардыгы

 

526,0

-8,0

Маданият

 

 

 

Сапар чыгымдары

2211

 

-20,6

ар турдуу чыгымдар учун

2215

 

-301,4

бардыгы

 

0,0

-322,0

Библиотека

 

 

 

Сапар чыгымдары

2211

 

-3,0

Жабдулар жана матерялдарды алуу

2222

 

-15,0

бардыгы

 

0,0

-18,0

Балдар бакчасы

 

 

 

ар турдуу чыгымдар учун

2215

 

-100,0

бардыгы

 

0,0

-100,0

Мектептер

 

 

 

ар турдуу чыгымдар учун

2215

 

-60,0

 

3111

 

-18,0

бардыгы

 

0,0

-78,0

Жалпы

 

526,0

-526,0

       
       

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кенешинин

 

катчысы :

 

                                            Н.Мусаева.

       

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 13/2

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

10/08/22-ж.

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участогу менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасын бектип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 - 13- беренелерине негиз, А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 21.07.2022-жылдагы чыг.№03-24/273 катын А.Масалиев айылдык Кенешинин алдындагы турак үйдү жан жерди мыйзамдаштыруу боюнча комиссиясынын корутундусун, депутаттардын сунуштарын эске алып А.Масалиев айылдык Кенешинин  сессиясы 

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участогу менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасы алымча кошумчасы менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бекитилген программаны ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жана аткарылышы боюнча бир жылда бир жолудан кем эмес айылдык кенештин сессиясында отчет берүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловко жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

         Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

 

«А.Масалиев» айыл аймагында Кыргыз Республикасынын

 Жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча

2022-2026 жылдарга карата

ПРОГРАММАСЫ

“А.Масалиев” айыл аймагынын кыскача географиялык жана

социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү

1.1.  Географиялык өзгөчөлүктөрү.

 

А.Масалиев атындагы айыл өкмөтү Кадамжай районунун  чыгыш-тундук тарабынан орун алган. Түндүгүндө Өзбекистан, түштүгүндө жана батышында Майдан айыл өкмөтү, чыгышында Уч-коргон айыл өкмөтү менен чектешип турат.

Рельефи: Кадамжай районунун  чыгыш-тундук тарабынан жайгашкан. Топурак, кум жана майда шагыл, таштардан турат.

            КлиматыКлиматы борсалдуу ачык байкалган кышы жана жайы менен. Абанын бир айлык орточо температурасы июль  айында өрөөндөрдө + 350С, январь айында -4-2 0С. Шамалдын бир айлык орточо ылдамдыгы 2-6 м/сек.айрым убакта күнү 26 м/секундага жетет. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 200 мм ден 500 мл.метрге чейин өзгөрүп турат. 

ГидрографиясыА.Масалиев айыл аймагынынчыгыш-түндүк тарабынан стратегиялык Исфайрам дарыясы жайгашкан. 

Өсүмдүктөрү: Тик алкактагы рельефи өсүмдүк катмарынын ар түрдүүлүгү менен шартталган. Жалпы түрлөрүнүн курамы – ондогон түрлөрү, алар топторго кошулат (жээлчү жана жээлбечү). 

1.2. Аймактык башкаруунун социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү

А.Масалиев атындагы айыл өкмөтүнүнкурамына төмөнкү 8 айыл кирет: Өлагыш, Алыш, Ташкоргон, Карадөбө, Көн, Кожо, Лесхоз, Какыр. Аймактык башкаруунун административдик борбору – Ишматов көчөсү №12 де жайгашкан.

Аймактык башкаруунун жалпы аянты – 17436,0 га,  калктын туруктуу курамынын саны 15267 адам, алардын ичинен:

  • Эркектер                                                     –  7 679 адам;
  • Аялдар                                                        –  7 588 адам;
  • 0 жаштан 15 жашка чейинки балдар       –  4 009 адам;
  • 16 жаштан  62 жашка чейинкилер            –  9 881 адам.

 

Калктын эмгекке жарамдуулары  - 9 881 адам, алардын катарында:

  • Иштегендери                          - 7506 адам;
  • Иштебегендери                     - 2375 адам.

-калктын социалдык аярлуу топтору:

  • пенсионерлер                                 - 1 718 адам;
  • майыптар                                         -  345 адам;
  • жалгыз бой кары жарандар        - 9 адам;
  • 7 жашка чейинки балдар               - 2004 адам.

 

   №1 таблица

Калктуу конуш

Пенсио-нерлер

Майып-

тар

7 жашка чейинки балдар

Жалгыз бой кары жарандар

Эскертүү

1.

Карадөбө

400

70

 

3

 

2.

Өлагыш

159

28

 

-

 

3.

Какыр

122

21

 

1

 

4.

Кожо

156

30

 

2

 

5.

Көн

122

25

 

-

 

6.

Алыш

287

72

 

2

 

7.

Ташкоргон

360

80

 

1

 

8.

Лесхоз

112

19

 

 

 

 

Бары:

1718

345

2004

9

 

 

Калктуу конуштар электрлештирилген, узундугу 42,5 км түзгөн суу түтүктөрү жана 110 колонка бар. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу суу түтүктөрү, скважиналар аркылуу ишке ашырылат.

Аймактык башкаруунун кеңсеси  өткөргүчсүз «КыргызТелеком», «Билайн», «Мегаком», «О» телефон байланышы менен  калктуу конуштар камсыз болгон.

            Административдик, маданий-турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк имараттар негизинен бир-эки кабаттуу,  топурак менен урулган жана бышкан кыш, темир-бетондон курулган.

Жеке сектордогу турак үйлөр саман-топурактан  жана бышык,  кам кирпичтен курулган.  

Калктын негизги киреше булагы – айыл-чарбасы, мал-чарбасы жана жеке ишкерлер.

Аймактык башкарууда малдын башынын саны:

  •                             Ири мүйүздүү мал  –  4374 баш;
  •                             Кой-эчки                    –  9637 баш;
  •                             Жылкы                      –  129 баш;
  •                             Канаттуулар            –  12 600.

 

Жер фондусу:  

  • Бардыкжерлер – 17436.0 га;
  • Жалпы айдоо – 1552.0 га;
  • Сугат айдоо – 1371.0 га;
  • Кайрак айдоо – 181.0 га;
  • Жалпы бак дарактар – 156.0 га;

 

 

Чарба жүргүзүү объектилери:

  •                                        Устакана                                      -    1;
  •                                        Механикалык устакана               - 6;
  •                                        Тегирмен                                     - 1;
  •                                        Дарыкана                                   - 1;
  •                                        Үрөнчүлүк чарба                         - 1;
  • Асыл тукум чарбасы - 2;

 

  • Дыйкан чарба - 32;
  • Айыл чарба кооперативи - 2;
  • Акционердик коом - 2;
  • Майиптар үйү -       1;
  •             Соода түйүндөрү                               - 24.

 

Ички чарбалык жол тармагы жалпы пайдаланылып келген жолдордун тармагы менен түздөн-түз байланыштуу. Негизи жолдун узундугу 114,0 чакырымды түзөт, анын ичинен катуу нерсе менен капталган –  25,0 чакырым.

Көпүрө – 5.

  •           Электр берүү линиясынын  (ЭБЛ)  узундугу – 33 чакырым.
  •           Трансформатордук подстанциялардын саны – 40 даана.

Калк  электр кубаты  менен  100 % камсыздалган.

Айыл өкмөтүнүн баардык аймагы сел жана жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү боюнча 5 баллдык мүмкүнчүлүгү бар зонага  дуушар.

      Коопту чарбалар – турак  үйлөр, чарба жүргүзгөн объектилер, ирригациалык  түйүндөр.

1.3.  А.Масалиев айыл аймагынын  инфратүзүлүшү жана алардын мүнөздөмөсү.

Билим берүү мекемелери:

№ к/н

Мектептин аталышы

Муг-дин саны

Окуучу-дын саны

Класстардын саны

Имараттарга мүнөздөмө

1.     

№43-орто мектеп

 

49

       

    398

         

          24

1 кабаттуу, 1964-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык

Эмес жаныдан имарат куру керек

2.     

№9-орто мектеп

 

55

 

550

 

28

3 кабаттуу, 1991-жылы курулган, кирпичтен курулган, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

3.     

№305-орто мектеп

 

35

 

288

 

17

2 кабаттуу, 1989-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

4.     

№2-орто мектеп

 

68

 

     567

 

28

3 кабаттуу, 1981-жылы курулган, кирпич-бетон, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

5.     

№10-орто мектеп

 

30

   

    451

 

22

3 кабаттуу, 1990-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

6.     

Мадариповортомектеби

34

225

14

1 кабаттуу, 1979-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык эмес жаныдан куруу керек

7.     

Орозбековортомектебинин филиалы

 

8

 

 

5

1 кабаттуу, 2018-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

8.     

«Нур» бала бакча

19

100

2 тайпа

1 кабаттуу, 1970-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

9.     

«Ак ниет»бала бакча

13

100

2 тайпа

техникалык абалы канааттандырарлык эмес убактылуу мектептин имаратына кошулган

10.  

«Балажан» бала бакча

12

81

2 тайпа

1 кабаттуу, 1970-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

11.  

«Жашбалапан» бала бакча

20

87

2 тайпа

1 кабаттуу, 2004-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

12.  

«Алтын үя”бала бакча

12

81

2 тайпа

техникалык абалы канааттандырарлык эмес убактылуу мектептин имаратына кошулган

 

Бардыгы

355

2928

138

 

 

 

 

 

 

Медициналык мекемелер:

№ к/н

 

Аталышы

Медициналык кызматкерлердин саны

 

Имаратка мүнөздөмө

дары-герлер

мед айымдар

санитарлар

1.    

№21-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу Карадөбө айылы

2

5

1

1965-ж. курулган. Кирпич, техникалык абалы начар, жаныдан имарат куруу керек

2.    

№30-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу Өлагыш айылы

 

 

1

 

 

3

 

 

1

1969-ж. курулган, кирпич-бетон. техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

3.   

№31-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу Алыш айылы

1

4

1

1969 –ж.  курулган, кирпич-бетон. техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат.

4. 

№34-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу Ташкоргон айылы

1

4

1

 

2021 –ж.  курулган, , кирпич-бетон, техникалык абалы жакшы.

 

 

 

 

 

 

 

5.

№35-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу

Көн, Кожо, Лесхоз айылы

1

3

1

2017 –жаныдан  курулган, , кирпич-бетон, техникалык абалы жакшы.

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы

6

19

5

 

     Маданий-эс алуучу мекемелер:

  • Маданият үйү                         - 1;
  • Китепкана                             - 1;
  • Стадион                                  - 1;

 

Административдик жана маданий-турмуш-тиричилик имараттар негизинен эки кабатка чейин,  көп кабаттуу курулуштар  жана турак  үйлөр.

 

  Жеке  сектордо:

№ 2 таблица                                                                                     

№ к/н

Калктуу конуштардын аталышы

Түтүн-

дүн саны

Анын ичинен

Эскер-түү

саман

топурактан урулган

кирпич

т/б

жыгач

Кварталдар

1.     

Ташкоргон

702

-

408

294

-

-

 Топурак менен саман аралаш

2.     

Карадөбө

648

382

266

 

 

 Топурак менен саман аралаш

3.     

Көн

209

-

126

83

-

-

Топурак менен саман аралаш

4.     

Лесхоз

134

-

86

48

-

 

 Топурак менен саман аралаш

5.     

Өлагыш

248

-

146

102

-

-

 Топурак менен саман аралаш

6.     

Кожо

254

-

141

113

-

-

Топурак менен саман аралаш 

7.     

Алыш

537

-

301

236

-

-

 Топурак менен саман аралаш

8.     

Какыр

241

-

145

96

-

-

Топурак менен саман аралаш 

 

Бардыгы:

2973

 

1735

1238

 

 

 

Көп кабаттуу үйлөр

9.  

ПМК

24

 

 

24

 

 

 

 

Калктуу конуштарды кенейтүүдө жана жаны айылдарды түзүүдө А.Масалиев айыл аймагындагы баардык айылдар Кадамжай райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте тандалып чыкты, айылдардын келечектүүлүгү алардын генералдык пландары аркылуу каралды. Негизинен келечектеги түзүлүп жаткан жаңы конуштарда элдер турак жай салып, жашоого ынгайлуу болгон жана негизги автоунаа жолдору каралган, ички инфраструктураларды алып келүүдө жакшы шарттары бар жер тилкелери тандалып каралган.

 

Трансформациялоого даярдалган жер жөнүндө.

А.Масалиев айыл аймагында 2022-2026-жылдар ичинде 1 этап менен жаңы конуштарды түзүүгө бекитилген жер массивтери:

I этап.  А.Масалиев айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер өлчөмдөрүн бөлүп берүүгө жазган арыздарын, ага тиркелген документтерди карап чыгып, бугунку кунгө карата 2255 арыз катталып, турак жайлары жоктугун, жашоо шарттарын оор жактарын эске алып, айыл аймагынын калкынын жеке менчик үй курууга болгон муктаждыктары өскөндүгүнө байланыштуу,    Кожо айылынын түштүк-батыш тарабынан 100,0 га жана Алыш айылынын батыш-түштүк тарабынан 50,0 га жайыт жерлер жеке менчик турак жай куруу үчүн айыл аймагынын тургундарына бөлүнүп берилет. Айыл аймагынын борборунан 10 км алыстыкта жайгашкан.

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 13/3

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

10/08/22-ж.

А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Ташкоргон айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 1,4 га жер аянтын мал базар ачуу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Ташкоргон айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 1,4 га жер аянтын мал базар ачуу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

  1. Ташкоргон айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 1,4 га жер аянты мал базар ачуу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер категориясына которулгандан (трансформациялоого) кийин аукцион аркылуу берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

         Төрага                                                                                           Т.Галботоев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 13/4

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

10/08/22-ж.

А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын Кара-Дөбө, Көн, Кожо айылдары боюнча таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө

“Исфайрам” муниципалдык ишканасынын директору Ю.Смаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын Кара-Дөбө, Көн, Кожо айылдары боюнча таза суунун тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.  

 (Тиркеме тиркелет)

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

 

Расчет цен (тарифов) за подачу воды с. Кара-Добо, Кон, Кожо

   
   

Исходные данные для расчета

 

1

Балансовая стоимость основных фондов

6398109 сом

 

2

Материальные затраты (ремонт, эл.энерг, запчасть, топлив и др.)

 

 

 

 

150000

 

 

3

Затраты на приобретение малоценного инвентаря

5000

 

 

4

Фонд заработной платы в год:

100000

 

а)

директор

 

 

 

 

 

б)

бухгалтер

 

 

 

 

 

в)

машинист насосных установок

 

 

 

 

 

г)

оператор хлораторной установки

 

 

 

 

 

д)

контролер

 

 

 

 

 

Поставка воды в год

 

 

1

численность населения

850

 

 

норма потребления воды на 1 го человека в сутки

     

а)

 

 

     

б)

из уличной колонки

35 л/сутки

     

в)

не бытовые потребители

по факт.

     

г)

потери воды от утечки в сетях

15%

     

д)

расход воды на водопой скота

10%

     

отчисление в резервный фонд

5%

     

1)

Расчет средний нормативный расход воды на 1 человека в год и годовой расход воды.

 
 

 

кол-во насел.

потреб. в сут.

дней в год.

литров

перевод

м3

 

 

 

850

40

365

12410000

1000

12410

 

 

определение себестоимости воды:

 

1

материальные затраты (по верхн. таблице)

150000

 

 

2

затраты на оплату труда (по верхн. таблице)

100000

 

 

3

отчисления на социальные нужды 17,5 %

26000

 

 

4

отчисления на амортизацию основных средств рассчитывается на каждую группу основных средств с учетом ее стоимости и срока эксплуатации, методом равномерного (прямолинейного) списания

255924

12796218/25 лет

 
 

5

Прочие затраты условно -возврат кредита, общехозяйственные расходы (подготовка кадр.содержание лабараторий предпр.)

 

 

 
 

6

отчисления в резервной фонд 5% от общих затрат: (расходы на сыревые и материальные и прочие затраты)

 
 

затраты

материальные затраты (по верхн. таблице)

фонд оплаты труда (по верхн. таблиц.)

социальные взносы 17,5 %

число постоянная амортизационные отчисления

прочие затраты

 

 

 
 
 
 

150000

100000

26000

255924

 

 

531924

 

определение стоимости 1 м3 потребляемой воды

 

531924

12410

фактическая  себест. = 42.86

 

Месячный тариф на одного человека

потреб.

дней

итог м3

 

35

30

1,05

 

стоимость 1 м3 потребляемой воды по норме за месяц

42.86*1,05=45,0 сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 13/5

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

10/08/22-ж.

“Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жерин айыл өкмөт балансына алуу жөнүндө

             “Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жери 1992-жылы 17-мартында Эл депутаттарынын Кадамжай райондук Кеңешинин президумунун №222 сандуу токтому менен 30 жылдык мөөнөткө А.Ташовко ижарага берилген бүгүнкү күндө №005691 мамлекеттик акт негизинде 2022-жылдын 17-апрель айында ижара мөөнөтү аяктагандыгына негиз жана   А.Масалиев айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы  

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. “Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жери А.Масалиев айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
  2. Айыл өкмөт балансына өткөрүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловко жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Төрага                                                                                           Т.Галботоев

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БАТКЕН ОБЛУСУ
КАДАМЖАЙ РАЙОНУ
МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ
КАДАМЖАЙСКИЙ РАЙОН
МАСАЛИЕВ АЙЛЬНЫЙ КЕҢЕШ

Кыргыз Республикасы
Кара-Дөбө айылы
Телефон: +996 0772 73 43 93

Кыргызская Республика
с. Кара-Дөбө
Телефон: +996 0772 73 43 93

ТОКТОМ

№ 13/6

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

10/08/22-ж.

Кара-Дөбө айылынын тургуну Ю.Хасановко Ош-Баткен-Раззаков автожолундагы муниципалдык менчиктеги 280 ч.м. жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Кара-Дөбө айылынын тургуну Ю.Хасановдун өзүнүн жеке менчигинде турган чайханасы менен Ош-Баткен-Раззаков автожолунун ортосундагы муниципалдык менчиктеги 280 ч.м. жер тилкеси Ю.Хасановко көз карандысыз мүлктү баалоочу тарабынан коюлган баага түз сатуу жолу менен берүүгө макулдук берилсин.
  2. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловко жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Төрага                                                                                           Т.Галботоев